Бакен эже баскан жол.
СССРдин эл артисткасы.
Жыйырманчы кылымда,
Отуузунчу жылдарда,
Төкөлдөш деген айылындан,
Бакен эжем талпыным,
Ай ааламга чыккан жол.
Артист болом деп келип,
Театрдын эшигин,
Эн биринчи ачкан жол.
Сахна сырын үйрөнүп,
Бийийктикке жеткен жол
Толкуну күч дайрадан,
Кебелбестен өткөн жол.
Кереметтүү сахнанын,
Көркүн ачып жүргөн жол.
Толупшуган айга окшоп,
Жарык нурун чыккан жол.
Ак маралдай керилип,
Театрда баскан жол.
Күлүк атты теминип,
"Салтанатта" минген жол,
"Тайган кечүү" тасмасында.
Ийгиликке жеткен жол.
Эл аралык кароодо,
Кыргыз элин таанытып,
Сыйлыктарды алган жол.
Кыйла жерге барган жол.
"Саманчынын жолунда".
Жаркын образ жаратып,
Аристократ аталып
Элден түнөк тапкан жол.
Кыргыз жүзүн көрсөтүп,
Жылдыз болуп жанган жол.
Ай чырайлуу эжекем,
Театрда басканда,
Ак-Куу көлдө сүзгөндөй.
Айдай сулуу жүзүнөн,
Күн жаркырап чыккандай.
Карагаттай көздөрүндө.
Айтылбай сыр жаткандай
Коңур назик үндөрү,
Магнит болуп тарткандай.
Көз карашы эжемдин,
Шоокум салган ак таңдай.
Бардыгына топ келген,
Чырайы ага жарашкан,
Суктандырып көргөндү
Сулуулугу арбаган,
Театрда ойносо,
Көрөбүз деп ашыккан.
Жүрөк дартын айталбай
Далай мырза камыккан.
Таланты күч эжекем,
Бут тосуулар болгондо,
Эмгек менен жеңген жол.
Куру доомат чачымды.
Акыл менен жеңген жол
Таланттууну байкаса,
Тарбияляп өстүрүп,
Эл алдына сунган жол.
Эмгеги сиңип элине,
Эл артист наамын алган жол.
Өчпөгөн жылдыз аталып,
Эл эсинде калган жол.
Омурбаева Рысбүбү
Ноокен району
Масы айылы
Комментариев нет:
Отправить комментарий