Ала - Тоо
Ала - Тоом, бабаларым сүйгөн тоо,
Өмүр кечип, из калтырып кеткен тоо.
Зоолорунда аркар-кулжа жайлаган,
Кыргызымды аспиеттеп баккан тоо.
Ак калпагын кийген тоолор шаңкаят,
Мөңгүлөрү алмаз сымал жаркырап.
Тоо боорунда өскөн арча, карагай,
Ала-Тоомдун кайтарышып заңкаят.
Ала-Тоомдон мөңгү кетпейт агарып,
Жөө тумандар кээде жылат чубашып.
Эң биринчи күндү тосуп Ала-Тоом,
Мөңгүлөрү мүрөк тамчылап.
Ала-Тоом, бабаларым жүргөн тоо,
Аспиеттеп карегиндей күткөн тоо.
Кылымдардын кыйырында жаша деп,
Урпактарга мурас кылып кеткен тоо.
Комментариев нет:
Отправить комментарий