пятница, 25 января 2013 г.

Кош саптар

Кош саптар.

Мансабың сактап калбайт,
Байлыгың алып калбайт.
Кеменгер журтун даңтайт,
Эр жүрөк элин сактайт.


Бийлик - милдет,
Кызмат кылыш эл үчүн.
Иштеш керек,
Ыйык Ата-журт үчүн.


Өз элине кас жаман,
Өздөн чыккан жат жаман.
  

Өмүр, тагдыр жарышат,
Байлар,бийлик талашат.
Бөрк ал десе баш алып,
Жаштар кайда баратат?
Чындыкты айтса жектебе,
Бут тосуп алы кектебе.


Элибизде береке, пайыз болсун,
Дайраны кечкениңде тайыз болсун.


Сүйбөсөңөр элине күйө албайсың,
Мекениңди аздектеп күтө албайсың.


Билимсиз, окумуштуу боло албайсың,
Оюңду элге толук айталбайсың.


Талантсыз жазуучу - акын боло албайсың,
Эки ооз сөздү кошуп жазалбайсың.


Талантсыз чебер, уста боло албайсың,
Үй куруп, кийим кече тигип албайсың.


Талантсыз кубул жутуп ырдабайсың,
Обон күүкү сыбызгытып чыгырбайсың.


 

четверг, 24 января 2013 г.

Бакен эже баскан жол.

Бакен эже баскан жол.
СССРдин эл артисткасы.
 
Жыйырманчы кылымда,
Отуузунчу жылдарда,
Төкөлдөш деген айылындан,
Бакен эжем талпыным,
Ай ааламга чыккан жол.
Артист болом деп келип,
Театрдын эшигин,
Эн биринчи ачкан жол.
Сахна сырын үйрөнүп,
Бийийктикке жеткен жол
Толкуну күч дайрадан,
Кебелбестен өткөн жол.
Кереметтүү сахнанын,
Көркүн ачып жүргөн жол.
Толупшуган айга окшоп,
Жарык нурун чыккан жол.
Ак маралдай керилип,
Театрда баскан жол.
Күлүк атты теминип,
"Салтанатта" минген жол,
"Тайган кечүү" тасмасында.
Ийгиликке жеткен жол.
Эл аралык кароодо,
Кыргыз элин таанытып,
Сыйлыктарды алган жол.
Кыйла жерге барган жол.
"Саманчынын жолунда".
Жаркын образ жаратып,
Аристократ аталып
Элден түнөк тапкан жол.
Кыргыз жүзүн көрсөтүп,
Жылдыз болуп жанган жол.
 Ай чырайлуу эжекем,
Театрда басканда,
Ак-Куу көлдө сүзгөндөй.
Айдай сулуу жүзүнөн,
 Күн жаркырап чыккандай.
Карагаттай көздөрүндө.
Айтылбай сыр жаткандай
Коңур назик үндөрү,
Магнит болуп тарткандай.
Көз карашы эжемдин,
Шоокум салган ак таңдай.
 Бардыгына топ келген,
Чырайы ага жарашкан,
Суктандырып көргөндү
Сулуулугу арбаган,
Театрда ойносо,
Көрөбүз деп ашыккан.
Жүрөк дартын айталбай
Далай мырза камыккан.
Таланты күч эжекем,
Бут тосуулар болгондо,
Эмгек менен жеңген жол.
Куру доомат чачымды.
Акыл менен жеңген жол
Таланттууну байкаса,
Тарбияляп өстүрүп,
Эл алдына сунган жол.
Эмгеги сиңип элине,
Эл артист наамын алган жол. 
Өчпөгөн жылдыз аталып,
Эл эсинде калган жол.


Омурбаева Рысбүбү
Ноокен району
Масы айылы
 

понедельник, 7 января 2013 г.



Ала - Тоо

Ала - Тоом, бабаларым сүйгөн тоо,
Өмүр кечип, из калтырып кеткен тоо.
Зоолорунда аркар-кулжа жайлаган,
Кыргызымды аспиеттеп баккан тоо.

Ак калпагын кийген тоолор шаңкаят,
Мөңгүлөрү алмаз сымал жаркырап.
Тоо боорунда  өскөн арча, карагай,
Ала-Тоомдун кайтарышып заңкаят.

Ала-Тоомдон мөңгү кетпейт агарып,
Жөө тумандар кээде жылат чубашып.
Эң биринчи күндү тосуп Ала-Тоом,
Мөңгүлөрү мүрөк тамчылап.

Ала-Тоом, бабаларым жүргөн тоо,
Аспиеттеп карегиндей күткөн тоо.
Кылымдардын кыйырында жаша деп,
Урпактарга мурас кылып кеткен тоо.